"Биз курултайды өткөрүүдө бийлик менен да диологго бардык" деп билдирди бүгүн "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайынын уюштуруучуларынын бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков.
Жээнбеков буга чейинки ушундай иш-чараларда чагым, бут тосуулар болуп келсе, бул жолу андай терс көрүнүштөр жок экенин белгиледи.
"Биз бийликти бир колго топтоого жол бербешибиз керек. Кыргызстанда 27 жылдан бери бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталган эмес, азыркы бийликтин тушунда да ошондой болууда. Эгер бийлик муну жөнгө салбаса Акаевдин тагдыры, Бакиевдин тагдыры учурдагы бийликти да күтүп турат" деди Жээнбеков курултайдын делегаттарынын алдында сүйлөп жатып.
Ошону менен катар ал "Парламент менен өкмөттүн башында күчтүү президенттик институт турганын, ошондуктан күчтүү Жогорку Кеңеш болбой жатканын, Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын жетекчилери өкмөт башчы болгонун жана азыркы президенттин мурдагы аппарат башчысы да премьер-министр болуп турганына" көңүл бурду.
"Биз мамлекетте саясий реформаларды жасабасак эч качан экономикалык реформаны жасай албайбыз. Сот реформасын жасабасак экономикалык реформа болбойт. Шаар мэрлерин, облус башчыларын эл шайлагыдай кылышыбыз керек" деди Жээнбеков.
Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада курултай өтүп жатат. Аны бир катар коомдук-саясий ишмерлер уюштуруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берип жатышат. (BTo)