Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Кытайдын Карачидеги консулдугуна кол салуу болду


Окуя болгон жерде териштирүү жүрүп жатат.
Окуя болгон жерде териштирүү жүрүп жатат.

Кытайдын Пакистандын ири шаарларынын бири Карачиде жайгашкан консулдугуна үч адам кол салып, аларды коопсуздук кызматкерлери жок кылышты. Кол салгандар Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кирип барууга аракет кылышкан.

Карачи полициясынын маалыматына караганда, алар имаратка миналар коюлган машине менен барышкан.

Ок атышуу учурунда эки полиция кызматкери каза таап, бирөө жарадар болду. Кытай консулдугунан эч ким жабыркаган жок. Кол салуунун жоопкерчилигин өзүнө “Белужистанды бошотуу армиясы” тобу алды.

Алар мындай жол менен жергиликтүү кендерди иштетип жаткан Кытайдан өч алышканын билдиришти. Кытай Пакистандын тоо-кен тармагына миллиарддаган доллар инвестиция салууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG