Адвокат Нурбек Токтакунов мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түзгөн кылмыштуу системаны колдонуп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн Бишкекте “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” курултайында сүйлөп жатып билдирди
Токтакунов жактоочу катары көптөгөн соттук процесстерге катышып жүргөнүн, андыктан бийликтин буйругун аткарган соттор, прокурорлор жана тергөөчүлөр дагы эле өз ишин улантып жатканын айтты:
- Атамбаевдин эң негизги жоопкерчилиги – ал сотторду, прокурорлорду жана күч органдарын реформа кылбай, тескерисинче, ушул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, саясий душмандарын басып, мыйзамдуу саясий күрөштү өлтүргөн. А Жээнбеков ошол кылмыштуу системаны колуна алып, азыр колдонуп жатат. Жээнбеков да прокуратура-сот-милиция деген уюшкан кылмыштуу топту саясий душмандарына каршы колдонууда.
Токтакуновдун айткандарына президент жана экс-президент тараптан азырынча комментарий боло элек.
Бүгүн бир катар коомдук-саясий ишмерлер жана уюмдар Бишкекте курултай уюштуруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берип жатышат.
Курултайга Атамбаев да, Жээнбеков да чакырылган. Атамбаев келген жок, ал эми Жээнбеков жактан анын аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев катышууда. (BTo)