Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

КСДП: Курултайдын артында кайсы күчтөр бар экени көрүнүп эле турат


"Бишкекте өткөн курултайдын артында кайсы күчтөр тураары көрүнүп эле турат" деп билдирди бүгүн "Азаттык" радиосуна КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Ал делегаттар экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча кабыл алган резолюцияны азырынча көрө электигин, колуна тийгенден кийин дагы комментарий берилерин айтты.

- Курултай эмне максатта өткөрүлгөнү белгилүү. Ага эл арасында ишеними жок баягы эле эски, “дежур” саясатчылар чогулушту. Бул курултайдын аркасында ким тураарын коомчулук өзү баамдап алат болуш керек. Ал оркоюп эле көрүнүп калды. Биз уюштуруучулардын арасында чыныгы коомчулуктун өкүлдөрү эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар көп экенин башында эле айтканбыз.

Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деп аталган курултай өттү.

Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө аткарган иши “канааттандырарлык эмес” деп табылды. Ошондой эле анын кол тийбестигин алып, буга чейин жасаган иштерине укуктук баа берүү боюнча Жогорку Кеңеш менен Башкы прокуратурага сунуштар берилди. (BTo)

XS
SM
MD
LG