Бишкек-Ош автожолундагы чектөөлөр алынды, жол толугу бойдон ачык. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов билдирди.
Оторовдун айтымында, ашууда кар жааган жок, буга чейин пайда болгон тыгын тарады.
Автотрассанын 121-125-чакырымдары кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу ишемби күнү убактылуу жабылган. (RK)