Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

Тереза Мэй британ элине кайрылуу жолдоду


Тереза Мэй.
Тереза Мэй.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй британ элине ачык кайрылуу жолдоду. Европа Биримдигинин Брюсселде өтө турган кезексиз саммитине аттанар алдында ал элге кайрылып, Брекзит өлкөнүн тарыхында жаңы баракча ачарын айтты.

"Бул биздин улуттун жана элдин кызыкчылыктарына жооп бере тургандай келишим болот. Европа Биримдигинен чыгуу сунушун колдогондор үчүн да, каршы болгондор үчүн да бирдей иштейт” деди Мэй.

Буга чейин Евробиримдик менен Лондон Брекзиттен кийинки кызматташтык тууралуу саясий декларациянын долбоорун макулдашкан.

Бул маселени Европа мамлекеттеринин башчылары бүгүн Брюсселдеги саммитте талкуулайт. Анда негизинен талаштуу соода алакасы жана коопсуздук тууралуу маселелер камтылган. Документте айтылгандай, өткөөл убакыт бир жылдан эки жылга чейинки мезгилди камтышы мүмкүн.

Лондон 2019-жылдын мартында Европа Биримдигинен чыгат. Тереза Мэйдин өкмөтү даярдаган долбоор Британиянын өзүндө саясий кризис жаратып, бир канча министр кызматтан кеткен.

Парламент ал документти ийгиликсиз деп баалап, аны чакыртып алууну сунуш кылган. Бирок Тереза Мэй ал өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейт.

2016-жылдагы референдумда британиялыктардын көбү Евробиримдиктен чыгууну колдошкон. Британия ЕБге 1973-жылы кошулган жана андан чыкса уюмду таштап кеткен биринчи мамлекет болуп калат.

XS
SM
MD
LG