Кардын жаашы жана техниканын жетишсиздиги жолду убагында тазалап, себүү иштерин толук жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өкмөттө өткөн кеңешмеде билдирди.
"Бирок жолчулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде унаа жолдорун тейлөө боюнча гана эмес, жол кыймылын жөнгө салуу жана айдоочуларга жардам берүү иштерин дагы аткарууда" деди министр.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кардын калың жаашына жана абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу республиканын унаа жолдорундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.
Буга чейин өкмөт башчысы Талас облусуна иш сапарынан кайтып келе жатканда тыгында калган айдоочулар жана арасында жаш балдары бар жүргүнчүлөр менен сүйлөшкөн.
24-ноябрда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-125-чакырымына кар көчкү түшкөн.