Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:23

"Reuters": Сирия оппозициясына абадан сокку урулду


Алеппонун режим көзөмөлдөгөн аймагында 24-ноябрда болгон чабуулдан жабыркагандар.
Алеппонун режим көзөмөлдөгөн аймагында 24-ноябрда болгон чабуулдан жабыркагандар.

Сириянын Алеппо шаарынын айланасындагы куралдуу оппозициячыл күчтөргө жекшемби күнү абадан сокку урулду. Бул тууралуу "Reuters" жаңылыктар агенттиги баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясына шилтеме кылып кабарлады. Укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, бул Орусия менен Түркиянын ортосундагы сентябрь айында кабыл алынган келишимден кийинки алгачкы чабуул болуп калды.

Аба соккулары Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын оппозициясын Алеппонун калк жашаган аймагына химиялык чабуул жасады деп айыптагандан көп өтпөй башталган. Орус тарап 24-ноябрдагы бул чабуулдан 46 киши, алардын ичинде 8 өспүрүм жараат алганын билдирген. Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 100дөн ашык киши жарадар болгонун, алар хлорго ууланганын кабарлап жатат. Орусия химиялык чабуул деп мүнөздөлгөн бул окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн атайын адистерин Алеппого жөнөткөнү белгилүү болду.

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү химиялык курал колдонбогонун айтышып, муну өкмөттүк күчтөр ок атышпоо келишимин бузуу үчүн өздөрү уюштурганын белгилеп жатышат.

Сирия обсерваториясы маалымдагандай, жекшембиде оппозициячыл күчтөрдү бутага алган аба соккуларынан 32 жайкын тургун жаракат алды.

Жекшембидеги аба соккулары Москва менен Анкаранын макулдашуусуна ылайык, буфердик аймак түзүлө турган тилкенин жанында болгон.

XS
SM
MD
LG