Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Орусия Керч кысыгын жапканы кабарланууда


Керч көпүрөсүнүн кемелер өтө турган бөлүгү торолуп турат.
Керч көпүрөсүнүн кемелер өтө турган бөлүгү торолуп турат.

Орусия Кара деңиз менен Азов деңизин байланыштырган Керч кысыгын жарандык кемелер үчүн жапты. Интернетке жарыяланган сүрөттөрдөн Керч көпүрөсүнүн алдында өтмөктү атайын кеме тосуп турганын көрүүгө болот.

Бул кысык Орусия Украинанын үч аскердик кемесин Керч көпүрөсүнүн жанындагы деңиздин орус тарапка таандык бөлүгүнө кирди деп айыптагандан кийин жабылды.

Украинанын Аскердик-деңиз күчтөрү, тескерисинче, Орусияны Кара деңизде жүргөн украин кемелерине каршы агрессияга жата турган кадамдарга барды деп айыптап жатат.

Украин тараптын маалыматы боюнча, 25-ноябрда Орусиянын Чек ара кызматынын "Дон" деп аталган кемеси Одесса портунан Мариуполго пландалган маршрут менен эки аскердик кеменин коштоосунда бараткан "Яни Капу" буксирине чабуул койгон. Андан украиналык кеменин негизги кыймылдаткычы бузулган. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок.

"Орусия өзүнүн зордукчулдугун жана эл аралык укук нормаларын таптакыр тоготпогонун дагы бир ирет көрсөттү" – деп айтылат Украинанын билдирүүсүндө.

Ал эми Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы украиндер орус тарапка таандык жабык акваторийге кирип кетишкенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG