Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

Макрон полиция менен кагылышкан демонстранттарды сындады


Париждеги демонстрациядан кийинки көрүнүш, 24-ноябрь, 2018-жыл.
Париждеги демонстрациядан кийинки көрүнүш, 24-ноябрь, 2018-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө каршы көчөгө чыгып, полиция кызматкерлери менен кагылыша кеткен демонстранттарды сынга алды.

"Коопсуздук күчтөрүнө чабуул койгондорго уят. Башка жарандарга жана журналисттерге күч колдонгондорго уят",-деп жазды Макрон 25-ноябрда "Твиттердеги" барагына.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнү Франциянын 1600дөй аймагында митингдер өтүп, ага 100 миңден ашык киши катышты. Кара май баасынын өсүп жатканына каршы нааразылык акцияларынын басымдуу бөлүгү тынч өтсө, 8 миңдей демонстрант чогулган Париждеги митинг кагылышуу менен коштолду.

Полиция Елисей талаасындагы башаламандыкты токтотуу үчүн демонстранттарга суу бүркүп, көз жаш чыгаруучу газ колдонду. Кагылышуудан 19 киши, алардын ичинде төрт офицер жаракат алышты. Кыркка чукул адам кармалды.

17-ноябрда Франциянын аймактарында 280 миңдей киши көчөгө чыгып, анда эки кишинин өмүрү кыйылган болчу.

XS
SM
MD
LG