Айрым маалымат булактары Орусиялык чек арачылар үч украин кемесин камакка алганын кабарлашты. Украинанын бийлик өкүлдөрү бул аракетти Азов деңизи менен Керч кысыгындагы жагдайды ого бетер курчуткан "агрессиялык акт" катары баалашты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова: "Чоң жолдогу бандиттер. Дал ошондой бандиттик ыкманы колдонуп жатышат: адегенде чагым, андан кийин күч менен басым көргөзүү, соңунда агрессиялык акт катары айыптоо" деп комментарий берди.
Соңку маалыматтар боюнча, орусиялык атайын бөлүктүн чабуулунан Украинанын Аскер-деңиз флотунун алты өкүлү жарадар болду, экөөнүн абалы оор.
Украин бийлиги бул окуяга байланыштуу эл аралык коомчулукка кайрылып, Орусиянын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу санкцияларды күчөтүүнү сурана турганын билдирди.