Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Трамптын шайлоо штабынын кеңешчиси 14 күнгө камалат


Ак үй. Иллюстрациялык сүрөт.
Ак үй. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын федералдык судьясы президент Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы кеңешчиси Жорж Пападопулостун абактагы мөөнөтүн кечеңдетүү тууралуу өтүнүчүн четке какты. Пападопулос айыпталуучу катары өтүп жаткан экинчи иш ага буга чейин чыккан өкүмдү артка кайтарат деп үмүттөнүп жаткан.

Жорж Пападопулос эми 14 күндүк жаза мөөнөтүн өтөш үчүн дүйшөмбү күнү абакка келиши керек.

9-сентябрда сот Жорж Пападопулосту эки жумага камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Сот аны 2016-жылдагы шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү боюнча ишти тергөөдө Федералдык тергөө бюросуна жалган көрсөтмө берген деп тапты. Пападопулос 2017-жылы 27-январда көрсөтмө берген. Ал орусиялык өкүлдөр менен байланышын жашырууга аракет кылган.

Былтыр Пападопулос ФБРге калп айтканын мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаганы кабарланган.

Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер Пападопулосту эркинен ажыратып, алты айдан кем эмес убакытка абакка отургузууну соттон суранган. (ErN)

XS
SM
MD
LG