Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:47

Ооганстанда нааразылыкка чыккандар полицияга таш ыргытышты


Хазар аялдары.

Ооганстандын борбору Кабул шаарында шиит азчылыгынын башчысы кармалганына нааразылык билдирип чыккандар полиция менен кагылышты.

25-ноябрь күнкү окуяда полициянын бир кызматкери жабыркаганы кабарланды. Маалыматка караганда, акция катышуучулары күч кызматкерлерин ташбараңга алышты. Полиция аларды таратыш үчүн асманга ок аткан. Нааразы тарап полициянын бир канча бекетине от койгон.

Кагылыш хазар улутундагы шиит азчылыгы жашаган Дашти Барчи конушунда Алипур аттуу адамдын кармалышынан кийин башталды. Хазарлардын лидери экени айтылып жүргөн Алипурга кандай күнөө коюлуп жатканы азырынча беймаалым.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG