Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Ирандагы жер титирөөдө бери дегенде 400 киши жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандын батыш аймагында 26-ноябрда таңга жуук күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүүдө бери дегенде 400 адам жабыркады. Өкмөт азырынча курмандыктар бар-жогу анык эмес экенин билдирди.

АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, термелүүнүн очогу Ирак менен чек арага жакын Илам шаарынан 114 км түндүк-батышта орун алды.

Ирак менен чектешкен бул аймакта 2017-жылдын ноябрында да күчү 7,3 баллга жеткен зилзала болуп, 620 адамдын өмүрүн алган, миңден ашууну жабыркаган болчу.

XS
SM
MD
LG