Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тышкы иштер министрлигине кат жазып, Кытайдагы кыргыздар туш болгон жагдайды териштирүүнү сурады.
Депутат бул тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип, Кытайдагы кыргыздар бийликтен кордук көрүп жатканы тууралуу чыккан маалыматтарды тактоо, зарыл болсо Бээжинге нота жиберүү зарыл экенин белгиледи.
Кытайдын кыргыз, казак улутундагы жарандары "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар соңку күндөрү көп чыга баштады.
Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген уйгур улутундагы мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрүнүн камалышы, азчылык топ басымга кабылып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып көбөйгөн эле.
Куугунтукка кабылгандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.
Буга чейин Казакстан Кытайга нота жиберип, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ондогон казак түрмөдөн бошотулган. Кыргыз бийлиги Кытайдагы кыргыздардын укуктары боюнча дипломатиялык ыкмаларды колдоно элек.
26-ноябрда Кытайдан Кыргызстанга келген кайрылмандар жана кытайлык кыргыздардын жакындары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам сурашты.
Расмий маалыматка караганда, Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном аймагында 160 миңге жакын кыргыз жашайт. Ал эми Шинжаңда казактардын саны 1 миллион 400 миңден ашат.