Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Ысык-Көл: Жыргалаң суусуна кулаган машинеде эки киши көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыргалаң суусуна кулап түшкөн автоунаада эки киши көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Кырсык 25-ноябрда түшкө жуук болгон. Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында Каракол шаарынын 45 жаштагы тургуну жана анын 37 жаштагы жубайы «Нива» үлгүсүндөгү автоунаа менен тоо этектеп баратып түндүк тарапта жайгашкан сууга тайып кирип кеткен.

Милициянын маалыматына караганда, Шахта-Жыргалаң айылына кар калың түшүп, жол тазалоочу аны тазалаганга үлгүргөн эмес. Жол көрүнбөгөндүктөн, айдоочу унаасын тоо этектеп башкарып баратканы аныкталган.

Маркумдардын жакындары каза болгондордун сөөктөрүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартып, эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришкен. (AsM)

XS
SM
MD
LG