Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:08

Телефондун жарылуусунан жабыркаган өспүрүмдүн абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Тоң районунда 14 жаштагы бала чөнтөк телефонунун жарылуусунан жабыркап, аймактык ооруканага түштү. Ага көкүрөгү, оң жамбашынын ички жагы жана ичи 1-2-даражадагы химиялык күйүк алган деген диагноз коюлуп, дарыланууга жаткырылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, окуя 24-ноябрда болгон. Өспүрүмдүн абалы оор бойдон калууда.

Айрым жергиликтүү маалымат булактары өспүрүм телефондо сүйлөшүп бүтүп, жерге түшүрүп жибергени, андан соң алып чөнтөгүнө салган соң аппарат жарылганын жазышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG