Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Ооганстанда талибдер полиция кербенине кол салды


Фарахта ооган армиясы менен "Талибандын" жоочулары согушкан. 16-май, 2018-жыл.
Фарахта ооган армиясы менен "Талибандын" жоочулары согушкан. 16-май, 2018-жыл.

Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында полиция кербени кол салууга кабылып, кеминде 20 офицер курман болгонун расмий органдар билдиришти.

Провинциянын полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Мухебулла Мухеб "Азаттыктын" ооган кызматына айтканына караганда, өлгөндөрдүн арасында Лэш-э-Жувейн райондук полициясынын жаңы эле дайындалган башчысы да бар. Талибдердин колунан провинциянын полиция жетекчисинин орун басары да каза тапты.

Провинциядагы оорукананын басма сөз катчысы кол салуудан кийин 22 кишинин сөөгү жеткирилгенин билдирди.

Жергиликтүү кеңештин эки мүчөсү Дадулла Кане менен Шах Махмуд Наэминин маалыматына караганда, бери дегенде төрт офицер жарадар болду.

Кербен райондук полициянын жаңы дайындалган башчысын коштоп баратканда буктурмада жаткан жоочулардын соккусуна кабылган.

«Талибандын» басма сөз катчысы Кары Юсуф Ахмади кол салууда төрт машине жок кылынып, көп курал-жарак алынганын айтты.

Фарах провинциясы Иран менен чектешет, аймактын көп бөлүгүн талибдер көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG