Каракол шаарында дин кызматкерлери кургак учукка кабылган адамдарды басмырлоого каршы семинар-тренингге катышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна USAID агенттигинин «Кургак учукту жеңебиз!» долбоору кабарлады.
Семинарда басмырлоо улутка жана диний ишенимге бөлүнбөй турганы, оорулуу адам кайсы улуттун же диндин өкүлү болбосун, мындай мамиледен бирдей жабыркай турганы айтылды.
Православ жамаатынын жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги өкүлдөрүнө бул туурасында маалымат берилди. Ден соолукка кам көрүү жана кургак учукка чалдыккан адамдардын айыгышына жардам берүү, аларды колдоонун зарылдыгы тууралуу маалымат берилди.
Жалпысынан окутуудан 30 адам өттү.
Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет. 2016-жылы бул оорудан 1,7 миллион адам, анын ичинде 250 миң наристе көз жумган. (RK)