Индияда Мумбайдагы радикал исламчылар уюштурган кол салуунун он жылдыгы эскерилип жатат. 2008-жылы 26-ноябрь күнү башталган үч күндүк чабуулда 166 адамдын өмүрү кыйылган. Алардын арасында америкалык алты жаран да болгон. Курмандыктардын элесине арналган мемориалга Индиянын дээрлик бардык саясатчылары гүлчамбар коюшту.
Индия согушкерлер Пакистандагы “Лашкар-э-Тайба” экстремисттик тобу менен байланышта болгонун белгилеп, кол салуунун артында тургандарды жазалоону Исламабаддан талап кылган. Пакистан чабуулду айыптап, ага өз жарандарынын тиешеси жоктугун ырастап келет. Радикал күчтөрдүн чабуулу Дели менен Исламабаддын ортосундагы чыңалууну дагы күчөткөн.
Былтыр Пакистандын соту 2008-жылы Мумбайдагы теракттын уюштуруучусу катары күнөөлөнгөн Хафиз Саидди үй камагынан бошотууга буйрук берген.