Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:31

Виктория көлүндө 100го чукул киши сууга чөктү


Жергиликтүү балыкчылар көлгө чөккөндөрдүн сөөгүн алып чыгып жатышат. 25-ноябрь, 2018-жыл.
Жергиликтүү балыкчылар көлгө чөккөндөрдүн сөөгүн алып чыгып жатышат. 25-ноябрь, 2018-жыл.

Угандадагы Виктория көлүндө жекшембиде кеме кырсыкка кабылып, курман болгондордун саны отуздан ашты. Бийлик алардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн боолгоп жатат. Баш калаа Кампалага жакын жердеги көлдө оодарылып кеткен эки кемеде жүздөн ашуун адам жүргөн. Армия жана полиция издеп-куткаруу иштерине тартылды. Бийлик кырсыкка кемелерге адам көп түшүп алганы түрткү болушу мүмкүн деп билдирди. Азырынча 126 адамдын 26сы гана тирүү табылды. Ошондой эле жүргүнчүлөр коопсуздук эрежелерин сактабай, атайын куткаруучу күрмөлөрдү кийишпегени да кабарланды.

Чыгыш Африкада кеме кырсыктары соңку кездери көп катталып жатат. Сентябрь айында ушул эле көлдүн Танзания тарабында кемедеги кырсыктан 200дөй адам каза тапкан. Бийлик кеме кожоюндары үчүн коопсуздук чараларын катаалдаштырууну караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG