Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

НАТО Орусияны украин суучулдарын тез арада бошотууга чакырды


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТО Керч кысыгындагы окуядан улам Орусия басып алган суучулдарды жана кемелерди тез арада бошотууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги басмас сөз жыйынында билдирди.

- Украин кемелерине каршы аскердик күч колдонууда актануунун кереги жок. Орусия Федерациясынын мындай аракети биз бир канча жылдан бери күбө болуп келаткан көрүнүш, - деди НАТОнун баш катчысы.

Анын айтымында, “Орусия өзүнүн аракетинин арты кесепеттерге алып келерин түшүнүшү керек”. Столтенберг Украинага НАТО толук жардам берерин билдирип, “сабырдуулук жана өзүн өзү кармоо” зарыл экенин белгиледи.

Мурдараак Улуу Британия да Орусиянын украин кемелерине чабуул коюшун сындап чыккан. Британ премьеринин өкүлү Жеймс Слак бул аскердик инцидент – Орусиянын бийлигинин "абалдын туруктуулугун бузууга кызыкчылыгы бар экенинин дагы бир далили" экенин айтты.

Киевдин маалыматына караганда, жекшембиде Орусия Украинанын 23 суучулун кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алган, экөө оор жарадар болгон. Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.

26-ноябрда Украин парламенти – Жогорку Рада 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдоду. Бул боюнча жарлыкка президент Петро Порошенко кол койду. (ErN)

XS
SM
MD
LG