Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Казак соту Мухтар Аблязовду сыртынан өмүр бою кести


Мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов (сүрөт качан тартылган белгисиз).
Мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов (сүрөт качан тартылган белгисиз).

Казакстандын Тараз шаардык соту мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовду сыртынан өмүр бою эркинен ажыратты. Сот Аблязовду 2004-жылы "Туран Алем" банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп тапты. 22-ноябрда чыккан соттун чечими дүйшөмбүдө гана жарыяланды. Тергөөнүн версиясы боюнча Аблязов банктын активдерин ээлеп алуу максатында ишкер Муратхан Токмадинин жардамы менен Татишевдин көзүн тазалаган.

2009-жылдан бери чет жакта жашаган Аблязов социалдык тармактар аркылуу Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин айтып жүрөт. 2004-жылы Татишевдин өлүмүн иликтегенде тергөө "аңчылыкта жүргөндө кокустан атылган октон мүрт кеткен" деген бүтүм чыгарган. Татишев менен бир автоунаада бараткан ишкер Муратхан Токмади "кокусунан киши өлтүрүп алган" деген айып менен бир жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы анын иши кайра каралып, Токмади "Аблязовдун коркутуусунан улам киши өлтүрүүгө барганын" мойнуна алган. Быйыл мартта сот Токмадини 10 жарым жылга түрмөгө кескен.

Казакстандык ири ишкер жана банкир, мурдагы энергетика министри Мухтар Аблязов 2009-жылдан бери өз эрки менен Европада бозгунда жүрөт. Ал Казакстанда өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG