Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

ИИМ: КСДП штабынын эсепчиси кайтып келсе коопсуздугу сакталат


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабынын эсепчиси кайтып келип, ички иштер органдарына кайрылса анын коопсуздугу сакталат жана экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы интервьюсунда айткан маалыматтар калыс иликтенет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан кабарда айтылат. Анда арыз жазган адамдын ким экендигине, кайсы кызматта отурганына карабай, жеке коопсуздугуна коркунуч келген учурда ИИМ өз убагында көңүл бурууга милдеттүү экени белгиленген.

Атамбаев 19-ноябрда “Апрель” телеканалындагы маегинде 2017-жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызына жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч жаралып, өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Ага чейин "Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттардын тизмесин укук коргоочу Нурбек Токтакунов ноябрдын башында "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Анда Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени айтылган. Президенттин аппараты муну "фейк" маалымат катары мүнөздөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG