Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Түнкүсүн компьютердик клубда жүргөн миңден ашык өспүрүм аныкталды


Кыргызстандагы компьютердик клубдарда ойногон балдардын бири.
Кыргызстандагы компьютердик клубдарда ойногон балдардын бири.

Кыргызстанда жыл башынан бери түнкүсүн ата-энеси же башка коштоочусу жок жүргөн 4475 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы кабарлады.

Булардын ичинен 1240 бала түнү менен компьютердик клубдарда ойноп жүргөн жеринен кармалган. Алардын жарымынан көбү Бишкек шаарынан аныкталган.

Жалпы кармалган балдардын 936сы ИИМдин профилактика борборунда тарбиялоодон өткөрүлсө, калгандары ата-энесинин колуна тапшырылган.

Административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдын 65-беренесинин (“Жашы жете электи (өспүрүмдү) тарбиялоо жана окутуу боюнча милдеттерди аткарбоо”) негизинде 770 ата-энеге айыппул чегерилди. Мындан сырткары интернет-клубдардын администраторлору менен да түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG