Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Кыйноонун алдын алуу борборуна жыл башынан бери 250дөй арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборуна 250гө жакын арыз-даттануу түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, 100дөн ашыгы кыйноо фактысы боюнча, калгандары башка укук бузууларга байланыштуу арыздангандар.

Сулайманов ошондой эле бул сан жылдан жылга көбөйүп жатканын, кыйноонун көбү кылмышка шектүү катары кармалган адамдарга күнөөнү моюнга алдыруу максатында колдонуларын белгилейт.

Бул кайрылуулардын негизинде Башкы прокуратура он чакты кылмыш ишин козгогон. Башка иштер боюнча башкы көзөмөл мекемеси тиешелүү органдар менен чогуу тергөө жүргүзүүдө.

2017-жылы Кыйноонун алдын алуу борборуна 200дөй арыз түшсө, анын 100гө жакыны кыйноо боюнча болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG