Сузак районунун аймагында мыйзамсыз сойкулук уюштурган жашыруун жай аныкталып, андагы кыздарга кордук көрсөтүп мажбурлап иштетип жүргөн ээси кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы кабарлады.
Табылган кыздардын арасынан үч кыз кожойкелеринен запкы көрүп, ырайымсыз кордукка кабылганын билдирип милицияга арыз жазды. Алар алгачкы тергөөгө берген көрсөтмөлөрүндө жашыруун жайды уюштурган аял кыздарды алдап алып келип, жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан сойкулукка мажбурлап келгенин айтышты.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (“Сойкулук үчүн жайларды уюштуруу же күтүү”) менен кылмыш иши козголду.
Жабыр тарткан кыздар Жалал-Абад шаарындагы калыбына келтирүү борборуна жеткирилди. Алар менен психологдор иштеп жатышат. (RsK\ErN)