Бурулай Турдаалы кызынын иши боюнча айыпталып, сурак берип жаткан Марс Бөдөшев 27-майда БМВ үлгүсүндөгү сол рулдуу унаага Бурулайды колунан жетелеп келип отургузганын, анда кыз кыйкырып жибергенин билдирди:
- Мен 27-майда Бурулайды колунан жетелеп келип, унаага салып, өзүм рулга отуруп, айдап кеттим. Анын бут кийими кайдан түшүп калганын билбейм. Ал кыйкырганда караңгы болчу. Бурулай мени тааныганын же тааныбаганын билбейм. РОВДга алып келгенде эшик ачык турган. Мен Бурулай отурган бөлмөгө кирген эмесмин, болгону ачык турган эшиктен эле "ата-энең келсе, өзүм эле кеткем деп айт" дедим. Бурулай менен 5-6 күн мурун сүйлөшкөндө ал мончого барарын, ошондон кийин жолуга аларын айткан.
Соттон түз эфир:
Марс Бөдөшев милиция бөлүмүндө Бурулай отурган бөлмөгө кирбей эле ачык турган эшиктин сыртынан сүйлөшкөнүн ырастап жатат. Ал ошондой эле бычакты байпагынын кончуна катпаганын, ал күнү кыска кончтуу байпак кийип жүргөнүн айтып, Бурулайды өлтүргөнүн мойнуна албай турганын билдирди.
Бурулайдын иши боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан отурумда Бурулай Турдаалы кызынын жана анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшев көрсөтмө берүүдө. (KR)