Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Туристтик милицияда 62 штат болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов туристтик милицияга кызматка алуу боюнча жакында сынак жарыялана турганын маалымдады. Асановдун айтымында, бул кызматка азырынча Бишкек шаары боюнча 62 орун берилди.

- Билими, чет тилдерди билүү деңгээли боюнча жакында сынак жарыяланат. Жазга чейин туристтик милиция түзүлөт, - деди Асанов.

Кыргызстанда туристтик милиция түзүлөөрү август айында белгилүү болгон. Милициянын айтымында, туристтик милициянын кызматкерлери өлкөнүн туристтик аймактарындагы коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кызматкерлерди тандоодо чет тилдерди билгендерге артыкчылык берилет.

ИИМдин маалыматы боюнча, борбордук аппаратта штаттарды кыскартуунун эсебинен бошогон орундарга жаңы кызматкерлерди алуу пландалууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG