АКШнын Юстиция министрлиги 27-ноябрда жарыялагандай, айыпталып жаткандар Интернетте жалган реклама жайгаштыруу менен компанияларга ондогон миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген.
Көз боёмочулук схемаларынын бири 2015-жылы башталган. Анын алкагында Интернеттеги жарнамалар "миллиарддаган жолу көрүлдү" деп эсептелиш үчүн схемага катышкандардын экөө 1,7 миллион компьютерге зыяндуу программаларды таратышкан. Мындан компаниялар 29 миллион доллар чыгым тарткан.
Америкалык прокурорлордун айтымында, ал рекламаларды иш жүзүндө эч ким көргөн эмес.
АКШ айып койгон сегиз кишинин алтоо Орусиянын, экөө Казакстандын жарандары.
Интернеттеги көз боёмочулук, компьютерлерди бузуп кирүү, жеке маалыматты уурдоо, арам акчаны адалдоо боюнча айыпталгандардын үчөө акыркы жумаларда чет өлкөлөрдөн кармалган, калгандары азырынча качып жүрөт.
Быйыл июнда АКШ Орусиянын беш компаниясы менен үч жаранын Орусиянын атынан хакерлик операцияларды жүргүзгөнү үчүн айыптап, санкция салган. (UE)