Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Украинанын президенттик шайлоосу 2019-жылдын 31-мартына белгиленди


Президент Петро Порошенконун кайра шайлануусу жеңил болбой турганы айтылууда.
Президент Петро Порошенконун кайра шайлануусу жеңил болбой турганы айтылууда.

Бул үчүн парламенттин төрагасы Андрей Парубий кол койгон токтом 28-ноябрда Жогорку Раданын расмий баракчасына жарыяланды.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү расмий белгиленерде Украинанын он аймагында 30 күндүк мөөнөт менен аскердик абал киргизилген.

Аскердик абал Украинанын Орусия менен деңизден жана кургактан чектешкен, ошондой эле Молдованын Орусия колдогон Приднестровье аймагы менен чектеш облустарында да киргизилди.

Мындай чечим Орусия Керч кысыгында, Кара деңиз жана Азов деңизи чектешкен жерден үч украин кемесин жана 23 морягын кармап кеткен соң кабыл алынды.

Алдыдагы шайлоодо күчтүү атаандаштыкка кабылышы күтүлгөн президент Петро Порошенкону сындагандар буга чейин ал шайлоонун мөөнөтүн артка жылдырууга аракеттениши мүмкүн деп да болжолдошкон. (UE)

XS
SM
MD
LG