29-ноябрда Бишкектеги "Достук" мейманканасында кытайлык кыргыздардын азыркы абалы боюнча коомдук талкуу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты. Алардын айтымында, Кытайдагы кыргыздар жөнүндө маалыматтарга кайдыгер эмес жарандар чакырылып, Кыргызстандын бул боюнча үн катпай жатканы талкууланат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирген. Комитет бул маселени жабык карады. Депутат Таабалды Тиллаевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, Айдарбеков азырынча маалымат тактала элек экендигин билдирген.
Ушул күнгө чейин Тышкы иштер министрлигине Кыргызстандын төрт жараны Кытайдагы куугунтукталган туугандарын таап берүүгө жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кабарлады.
Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. 26-ноябрда жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алып, жардам сураган.
Кайрылууда Кытайдагы кыргыздар Бээжин "саясий тарбиялоочу борбор" деп атаган лагерлерде бейкүнөө жана себепсиз кармалып, катуу кыйноого кабылып жатканы жазылган. (TSh)