“Казатомпром” компаниясынын 14 жылга түрмөгө кесилген мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу өтүнүчүн 28-январда Семей шаардык соту четке какты.
Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына Жакишевдин адвокаты Нурлан Бейсекеев кабарлады.
2009-жылы май айында камакка алынган Жакишев азыркыга чейин жаза мөөнөтүнүн тогуз жарым жылын же үчтөн эки бөлүгүн өтөп койгон.
Жакишевдин жактоочулары жана эл аралык укук коргоо уюмдары аны саясий айыпкер деп эсептешип, абактан бошотууга казак бийлигин такай чакырып келишет.
Быйыл мартта Норвегиянын Хельсинки комитети жана Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясы Мухтар Жакишев чукулунан дарыланууга муктаж экенин белгилеп, президент Нурсултан Назарбаевди аны абактан гуманитардык жүйө менен чыгарууга үндөшкөн.
Казакстандын өзүндө да адам укугун коргоочу топтор Жакишевди саясий айыпкер деп санашат.
Өкмөттүн сынчыларынын көз-карашында, ал түрмөгө президент Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы, 2009 -жылдан бери Европада өз эрки менен бозгунда жашаган Мухтар Аблязовдун досу болгону үчүн түштү.
Өткөн аптада Казакстандын соту Аблязовду 14 жыл мурда "киши өлтүрүүнү уюштурган" деп таап, сыртынан өмүр бою абакка кескен. (UE)