Чилинин 14 жаштан улуу жарандары өздүк документтеги аты-жөнүн жана жынысын алмаштырууга укук алышты. Бул тууралуу мыйзамга өлкөнүн президентти Себастьян Пиньера кол койгонун "Reuters" агенттиги кабарлады.
Ушул жылдын сентябрь айында бул мыйзамды Чили парламенти жактырган эле.
Мыйзамга ылайык, эми жашы жеткен жарандар жынысын алмаштыруу үчүн болгону арыз бериши керек. 14 жаштан 18 жашка чейинки чилиликтер болсо ата-энеси менен кошо сотко кайрылса болот. "Reuters" ырастагандай, Чилиде трансгендерлердин саны боюнча расмий статистика жок.
“Мен бул маселе боюнча түрдүү пикирлер бар экенин билем, бирок биз туура кадам таштадык деп бекем ишенем”, - деди Пиньера мыйзамга кол коюу аземинде.
Жаңы мыйзам адамдын жынысына жана ысымына, денесине карабай гендердик өздүктү анын жеке чечими катары кабылдоосуна жол берет. Бул мыйзамды мурдагы президент Мишел Бачелет бир нече жыл мурда сунуш кылып, диний жана консервативдик топтордун каршылыгынан улам ал кабыл алынбай калган. (ErN)