Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Египетте мумия салынган кол тие элек саркофаг табылды


Байыркы египеттиктерге таандык сүрөттөр. Иллюстрациялык сүрөт.
Байыркы египеттиктерге таандык сүрөттөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Египетте археологдор эки жарым миң жылдык мумия салынган кол тие элек саркофагдарды таап чыгышты. Көмүлгөн жай баш калаа Каирден 25 чакырым жерден табылганын "Associated Press" агенттиги кабарлады.

Мумиялар биздин заманга чейин 664-жылдан 332-жылга чейинки аралыктарда көмүлгөн болушу мүмкүн. Алар адам тулкусуна ылайыкташкан формадагы атайын каркастарга салынган. Саркофаг табылган жер Аменемхет II фараонунун пирамидаларынын айланасында турат. Мында байыркы египеттиктер фараондорду жана жогорку аткаминерлерди көмүшкөн.

Ноябрдын башында Египетте археологдор мумияланган ондогон мышык, кобра, аллигатор жана биринчи жолу 200 коңуздун мумиясын ачышкан. Бул табылгалардын курагы алты миң жылга жетиши мүмкүн экени айтылган. Жаныбарлар жана курт-кумурскалар менен кошо мүрзөдөн алтындан жана колодон куюлган мышыктардын калыбы табылган. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө жер алдынан миңден ашуун тумар (амулет) алынган. (ErN)

XS
SM
MD
LG