Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

Кара-Балтадагы "Жунда" заводу ишин улантты


"Жунда" заводу.
"Жунда" заводу.

Кара-Балта шаарындагы өндүрүшү токтогон "Жунда" мунай заводу кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” заводдун юристи Алмаз Чокморов билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар кайрадан ысытылып, даярдала баштады. Аз күндөн кийин мунайды иштетүү калыбына келтирилет. Чокморов ошондой эле буга чейин заводдун токтошуна алып келген соттошуу дагы эле уланып жатканын, жетекчилик ага карабай ишти улантып турууну чечкенин кошумчалады.

6-ноябрда өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов Жунда" заводунун өндүрүшү токтотулганын кабарлаган. Ал буга заводдун айланасындагы соттук иштер жана салык төлөө маселеси себеп болгонун айткан.

"Жунда" заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Анын негиздөөчүсү кытайлык “Чайна Петроль Жунда” компаниясы заводду курууга 300 миллион доллар инвестиция жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтогон. Андан кийин 2016-жылы да компанияга козголгон кылмыш ишине байланыштуу убактылуу токтоп, кийин кайра жанданган. (ErN)

XS
SM
MD
LG