Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:30

Депутат аялдарга монумент тургузууну сунуш кылды


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Кыргызстанда кыз-келиндердин укуктары корголбой жатканын 29-ноябрдагы жалпы жыйында айтып чыкты. Эл өкүлү ушул тапта аялдардын укуктарын коргоо максатында жыл сайын ноябрда өткөрүлчү 16 күндүк өнөктүк өтүп жатканын эске салып, өкмөттө аялдардын, энелердин укугун коргоо боюнча комплекстүү иш жүрбөй жатканын сындады.

- Бул абдан маанилүү маселе. Бизге бир орган керек. Азыр акимдин орун басарлары болгон айымдар өтө аз, өкмөттүн аппаратында, айылдык кеңеште, айыл өкмөттө айымдар азайып баратат. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, балдарга карата зомбулукту кыскартуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын биз көрбөй жатабыз. Азыр ала качылып, милициянын бөлүмүндө каза болгон Бурулайдын соту болуп жатат. Бизге "зордук-зомбулукка каршыбыз, аялдар балдардын энеси, биздин келечегибиз, алардын ден соолугу, психикалык абалы жакшы болуш керек" деген монумент керек.

Касымалиева БУУнун ушул багыттагы резолюциясы боюнча өкмөт план иштеп чыгышы керек экенин, бул багытта өкмөттөн маалымат алына турганын кошумчалады.

Кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотууга арналган эл аралык 16 күндүк өнөктүк жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин өтүп келет. Бул убакытта гендердик зомбулукка каршы акциялар өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG