Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:12

Добрецова: Коомчулук кийинки жылдын бюджетине көп кызыкпай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 2019-жылдын республикалык бюджетин талдаган кеңири коомдук талкуу жандуу өтпөй жатат. Мындай пикирин "Азаттыкка" Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрайымы Надежда Добрецова билдирди.

- Учурда бюджет тууралуу чоң коомдук талкуу өтпөй жатканы бизди таң калтырат. Жарандык коомдун да кызыгуусу байкалбайт. Биз ачык булактардан алган маалыматка ылайык саламаттык сактоого жана социалдык коргоого каралган чыгымдар азайтылганын көрүп жатабыз. Бул жарандар үчүн жакшы эмес. Бирок ошол эле учурда жаңы Бюджеттик кодекс күчүнө кирип, Финансы министрлиги бюджеттин түзүмүн өзгөрттү. Ошондуктан чындыгында кырдаал кескин өзгөрбөйт деген да пикир бар.

Өнүгүү саясаты институту 30-ноябрда 2019-жылга карата республикалык бюджетти талкуулаган жыйын өткөрүүдө. Ага Финансы министрлигинин адистери жана журналисттер чакырылган.

Буга чейин финансы министринин орун басары Улук Карымшаков "Азаттыкка" сүйлөп жатып, 2019-жылдын бюджетинде негизги алты өзгөчөлүк бар экенин айткан. Биринчиси - ар бир министрликте же мекемеде бюджетти бөлүштүрүүчүлөрдүн укугу кеңири болот. Экинчиси - экономикалык классификациялар 61ден 22ге чейин азайтылат. Ошентип ар бир бюджеттик мекеме-ишкана каржыны алууда жана колдонууда ыкчамдыкка жетишери күтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш 15-ноябрда өлкөнүн келерки жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдарга божомолун талкуулап, добуш берүүгө жөнөттү.

Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2019-жылга жалпы көлөмү 170 млрд. сом же ички дүң өнүмдүн 28% деңгээлинде болжолдонуп жатканы айтылды. Тартыштык 10 млрд. сом өлчөмүндө каралууда.

Киреше салыгынын 50-70% жергиликтүү бюджетке калтыруу, сатуудан алынган салыкты экспортко кетип жаткан товарлардан алып салуу жагы да киргизиле турганы белгиленди. (KR)

XS
SM
MD
LG