Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

Икрамов: өкмөт аймактарды өнүктүрүү боюнча бир да программа иштеп чыккан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин отчетун угууну 29-ноябрдагы жалпы жыйында сунуш кылды. Эл өкүлү "бул багытта бир да программа иштеп чыккан эмес" деп өкмөттү сынга алды:

- Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп айтылган. Анын негизги максаты элеттин экономикасына салым кошуп, ички, сырткы инвестицияны тартып, калкты жумуш менен камсыз кылуу болчу. Жалпысынан канча инвестиция тартылды? Канча айыл өкмөт дотациядан чыкты? Канча айыл таза суу менен камсыз болду? Ушул боюнча маалымат берсеңер, өкмөт бул боюнча жыйынтык чыгарып, өлкө боюнча статистиканы беришиңиз керек.

Жыйында депутат Алмазбек Эргешов 453 айыл өкмөттүн 81% дотацияда экенин айтты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, алдыга бир катар милдеттерди койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG