Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:56

Өмүркулов Карамушкинага: КСДП мүчөлөрүнүн укугу бирдей


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиялашы Ирина Карамушкинанын “Атамбаевсиз КСДП” аттуу жыйыны боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал партиянын бардык мүчөлөрүнүн укугу бирдей экенин айтып, ар кандай бөлүп-жарууну токтотууга чакырды:

- Биздин бул партиялаштарыбыз мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн туруктуулугу үчүн бир киши катары чыгышкан. Алардын көбү борбордук аянтта жанын беришти. Муну эч качан унутпаш керек. Биз бардыгыбыз партия сүрөгөн талапкерди, президентти колдодук, бардыгыбыз добуш бердик. Бүгүнкү күндө партияда да, өлкөдө да туруктуулукту каалайбыз.

Өмүркулов бир адамдын кызыкчылыгын коргобой, партиянын саясий кеңешиндеги айрым мүчөлөрдүн ишине баа бериш керек экенин кошумчалады.

29-ноябрдагы парламент жыйынында депутат, КСДПнын дагы бир мүчөсү Ирина Карамушкина партиялаштарына кайрылып, “Атамбаев менен иштешүүнү каалабагандар арыз жазып, мүчөлүктөн чыгып кетсин” деп билдирген. Ал “Атамбаевсиз КСДП” жыйындарын деструктивдүү күчтөр колдоп жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG