Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Депутат “Кыргыз темир жолунун” жетекчисинин орун басарынын жарандыгына кызыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 29-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары Алымжан Хасанов Казакстандын жараны экенин айтып чыкты:

- Башка өлкөнүн жаранын стратегиялык объектилерге койгондор жооп бериш керек деп ойлом. Аны ким койгон? Транспорт жана жолдор министрлиги сөзсүз түрдө жооп берсин.

Бирок “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов “Азаттыкка” Хасанов Кыргызстандын жараны экенин билдирди. Анын айтымында, кызматка дайындаларда анын жарандыгы текшерилген. Анын үй-бүлөсү, балдары Кыргызстанда төрөлгөн. Өзү 1992-жылдан бери аталган ишканада жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Алымжан Хасанов ноябрдын башында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Өткөн аптада депутат Ирана Карамушкина да Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жараны экенин айтып чыккан. Мэриянын басма сөз катчысы бул маалыматты төгүндөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG