Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Кыргызстанга Европа Биримдигинин атайын өкүлү келди


Петер Буриан.
Петер Буриан.

Кыргызстанга Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан расмий сапар менен келди. Бул тууралуу биримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Эки күндүк сапары учурунда Буриан Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугат. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык талкууланат.

Мындан сырткары, жарандык коом өкүлдөрү, Кыргызстанда каттоодон өткөн чет элдик дипломатиялык миссиянын жетекчилери менен жолугушуу пландалган. Сапардын алкагында 23-ноябрда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана биримдиктин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет.

Петер Буриан Кыргызстанга расмий иш сапары менен быйыл февралда келип кеткен. Анда президент Сооронбай Жээнбеков, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков баштаган өлкө жетекчилери менен жолуккан. Ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү менен өлкөдөгү абал тууралуу баарлашкан.

Былтыр Евробиримдиктин кеңеши Кыргызстан менен жаңы келишим түзүү боюнча чечим кабыл алган. Жаңы келишим тараптар ортосундагы 1995-жылы кабыл алынган кызматташтык боюнча келишимдин ордуна түзүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG