Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:53

Кыргызстан коррупциялашкан 30 өлкөнүн катарына кошулду


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк экономикалык форум глобалдык атаандаштык индекси боюнча коррупциялашкан өлкөлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды. Анда паракорчулукту кабылдоо индекси ыкмасы менен 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээлине 1ден 100гө чейинки упай менен баа берилген.

100 упай "өлкөдө коррупция жок" дегенди билдирет. Кыргызстан 29 упай алган. Ошол эле учурда Орусия 22, Тажикстан 21 упай алган. Мындан сырткары паракорчулук күчөгөн өлкөлөрдүн катарында Парагвай, Мексика, Лаос, Доминикан Республикасы жана Гондурас бар.

"Business Insider" басылмасы жакырчылык күч алган, укуктук жана өкмөттүк системалары алсыз Африка, Борбордук Америка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн көбүрөөк коррупциялашкан деп эсептейт.

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG