Кыргызстан эгемендик алган жылдардан тартып өлкө казынасын колдоого 2,6 млрд. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя жана грант алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, каражаттын басымдуу бөлүгү 90-жылдарга туура келет. Андан кийинки алынган акча ар кандай мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында алынган.
Бир катар депутаттар “донорлор ар бир каражат берген учурда белгилүү бир шарттарды коёрун" эске салып, казынаны колдош үчүн сырттан каражат алууну токтотуу зарыл экенин айтышты.
Жогорку Кеңеш 2017-2018-жылдардын бюджетинин аткарылышынын отчетун жана 2019-2020-жылдарга божомолун талкуулап жатат. (КЕ)