Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Бурулайдын иши: экспертиза "Бөдөшевдин акыл-эси ордунда" деп аныктаган


Шектүү Марс Бөдөшев.
Шектүү Марс Бөдөшев.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда.

Сот учурунда психотерапиялык экспертизада "шектүү Бөдөшевдин акыл-эси ордунда" деп табылганы айтылды.

Судья Санжар Чотонов биринчи жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын окуп чыкты. Анда кыздын “төшүндө жана ичинде көптөгөн жарааттар болгону, кабыргалары сынганы, бети жана буттары тытылганы” жазылган.

Комиссиялык экспертиза жүргүзгөн жыйынтык биринчиге окшош экени айтылат. 2018-жылдын 3-августунда чыккан экспертизанын бүтүмүндө Бурулайдын денесиндеги беш жараат жөнүндө сөз болгон. Анда Бурулай көп кан жоготуп көз жумганы айтылат.

Сот иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Ушул кезге чейин бир нече отурум болуп, чакырылган 32 күбөнүн 20га жакыны суралып бүткөн. Сотто 22-ноябрда милиция кызматкерлери сурак берген. Отурум өзү сентябрда башталган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу Акмат Сейитов да кармалган. (AiA/KR)

XS
SM
MD
LG