Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:32

Кытайлык кыргыздардын абалына арналган жыйын өтүүдө


Кытайлык кыргыздардын абалын талкуулаган жыйын.
Кытайлык кыргыздардын абалын талкуулаган жыйын.

Бишкекте Кытайда камакка алынып жаткан кытайлык кыргыздардын жагдайына арналган жыйын өтүүдө. Ага коомдук ишмерлер, активисттер, кытайлык кыргыздар катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, Кытайда камакка алуу 2016-2017-жылдары башталган. ​"Мурда белгилүү адамдарды, окумуштууларды кармаса, азыр жапырт камалууда. Учурда камакка алынган кыргыздардын саны 50 миңге жетти", - деген уюштуруучулар бул маалыматтарды ар кайсы булактардан тактаганын айтышты.

Кытайдан келип, кыргыз жарандыгын алган Алмамбет Осмон уулу бул маселени көтөргөндөрдүн өмүрү коркунучта экенин белгиледи:

- Азыр Кыргызстанда бул маселени айтып чыккандардын өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн. Андыктан бийлик өкүлдөрүнөн бизди коргоп калууну суранабыз.

Буга чейин Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-уругунун дайын-дарегин билүүгө көмөктөшүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн. Жакындары түрмөдө экенин айткан он чакты киши 26-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазган.

27-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы кыргыз улутундагы жарандардын камалышы боюнча маалыматтарды текшерип жатканын билдирген.

Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун кабары боюнча, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурганы тууралуу маалымат бар. (TSh/KR)

XS
SM
MD
LG