Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Депутат Финполициянын башчысы сот чечимине карабай чет өлкөгө кеткенин айтты


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таиров Кыргызстандын аймагынан чыкпоо тууралуу соттун чечимине карабай чет өлкөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев айтып чыкты.

Эл өкүлү Финансы полициясынын башчысы учурда кайда экенине кызыкты. Ага мекеменин жетекчисинин орун басары Эмил Жамгырчиев жооп берип, жетекчиси азыр Эстонияда иш сапарында жүргөнүн айтты.

- Соттун чечими чор тамандарга иштеп, чоңдорго иштебейби? 23-ноябрда чыгып жатат. Андан бери канча өттү? Коопсуздук, чек ара кызматы “кооптуу” саясатчылар боюнча маалыматты жарым саатта эле билесиңер го?

Жамгырчиев соттун чечими аларга 28-ноябрда гана келгенин, бул тууралуу төраганын кабары жок болгонун айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG