Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Маркум прокурор менен шектүү бир күн мурун тойдо чогуу болушкан (видео)


(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов.
(Оңдон солго) катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов.

Баткен облусунун киши колдуу болгон прокурору Анарбай Мамажакыпов менен аны өлтүрдү деп шек саналып жаткан Мелис Калыков окуядан бир күн мурун тойдо бирге болушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев басма сөз жыйынында билдирди:

- Бир күн мурда чындыгында эле тойдо чогуу болушкан. Айыпкер Калыковдун тууганы той берип, облустук прокуратуранын жетекчилиги тойдо чогуу болушкан. "Эртең аңчылыкка чыгып эс алабыз" деп ошол тойдо эле чечилген экен. Ал жакта эч кандай мажбурлоо болгон эмес.

Башкы прокуратура берген маалыматка ылайык учурда шектүү Мелис Калыковдун күнөөсү толук далилденген. Калыков өзү берген көрсөтмөдө прокурор Мамажакыповду кокусунан атып алганын билдирген.

Башкы прокуратуранын өкүлү Замир Бейшекеев шектүү көрсөтмө берген учурда эч кандай кыйноого кабылбаганын жана анын көрсөтмөсү толугу менен камерага тартылып алганын айтып, "мени кыйнашты" деген сөздөрдү жоопкерчиликтен качуу аракети катары сыпаттады.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө иштери уланууда. (KR)

XS
SM
MD
LG