Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Парламент 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдын бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Суроо-жооп форматында өткөн жыйынга Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн мүчөлөрү, өлкөнүн административдик ведомстволорунун жетекчилери катышты. Жыйын 22:00гө чукулдап аяктады.

2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151 млрд. 762,4 миллион сомду түзүп, анын чыгашасы 161 млрд. 913 миллион сомго барабар болду. Парламент 2017-2018-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчетун угуп, аны бир катар сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп тапты. (ErN)

XS
SM
MD
LG