Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

Жусуп Мамай-100: Данакер манасчыны эскерүү иш-чарасы өтөт


Жусуп Мамай (1918–2014). 15.7.2010.
Жусуп Мамай (1918–2014). 15.7.2010.

Бүгүн Бишкекте залкар манасчы Жусуп Мамайдын (1918–2014) 100 жылдык мааракесине арналган “Даанышман жана данакер манасчыны эскерүү” аттуу илимий кереге кеңеш өткөрүлөт. Бул илимий шерине Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган жана Кыргызстанда жылы бою жүзөгө ашырылып келе жаткан иш-чаралардын алкагында уюштурулууда.

Жусуп Мамай (Жүсүп Мамай; Jusup Mamay; 1918 – 01.06.2014) – Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардын XX кылымдын экинчи жарымы – XXI кылымдын башындагы чыгаан манасчысы, дастанчы. Ал Кытайдагы эң мартабалуу “Тоо Гүлү” сыйлыгына эки ирет татыган жана көзү тирүүсүндө “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына ээ болгон (2014). Ал Кыргызстан менен Кытайдын достугу менен кызматташтыгын чыңдоого жеке салым кошкон коомдук ишмер катары да таанымал.

Жусуп Мамай жана мурдагы президент Роза Отунбаева. Ак-Чий, КЭР. 27.6.2012.
Жусуп Мамай жана мурдагы президент Роза Отунбаева. Ак-Чий, КЭР. 27.6.2012.

Кытайлык опера өнөрпоздору Жусуп Мамайдын эпостук вариантына негизделген “Манас” операсын 2017-жылы жана быйыл Бээжинде ханзу (кытай) тилинде ийгиликтүү койгон соң Кыргызстандын бийлиги тарабынан келээрки, 2019-жылы Бишкекке чакырылганы маалым. Бул операнын текстин кытай тилине бээжиндик кыргыз профессору Адыл Жуматурду которгон.

Илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл четиндеги талкуу) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин тарых музейинде саат 12:00де өз ишин баштайт. Аны уюштурууга Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Жусуп Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Манас таануу институту жана “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип уюштурууда.

Жыйында илимпоздор Абылабек Асанканов, Кыяс Молдокасымов, Топчубек Тургуналиев, Аскар Беделбаев, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулу, өлкөдөгү манас таануу жана кыргыз таануу жаатындагы адистер, чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү чыгып сүйлөөрү күтүлүүдө.

Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын көрнөгү. КУУ. 20.12.2013.
Жусуп Мамайга арналган илимий жыйындын көрнөгү. КУУ. 20.12.2013.

Кыргызстанда 2013-жылдан бери ар жылы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган илимий жыйындар ар кыл шаарларда уюштурулуп келет.

Бештин айында (декабрда) Жусуп Мамайдын айкели Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясынын имаратынын маңдайындагы аянтта башка залкар манасчылардын айкелдеринин катарында орнотулмакчы. Айкелди Кыргыз Республикасынын Баатыры, айкелчи Тургунбай Садыков жасаган.​ (TT)

XS
SM
MD
LG